Бишкектин борборунда кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы соңуна чыкканы кабарланды. Кримтөбөл учурда кармалып, УКМКга жеткирилгени маалым болду.
Маалыматтарга караганда, кармоо операциясы жүргөн жерге Тез жардам унаалары келген. Ошондой эле башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да барган.
Учурда абал тынчыганы айтылууда.
Эске салсак, Камчы Көлбаев "Учкун" ААКсы жайгашкан аймакта кармалган. Ал жактан ок атышуулардын үнү чыгып турган. Атайын техника жана "Альфа" спецназдары катышкан.