Соцтармактарда Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Алтын - Мазар мавзолейи жайгашкан жер Тажикстанга берилип кеткени тууралуу маалыматтар тараган. Буга байланыштуу КР УКМК билдирүү таратты.
"Алтын-Мазар тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кызыкдар тараптан мамлекеттик кызматтардын ишмердүүлүгүн каралоо максатында атайылап жалган маалыматтарды таратышууда", - дейт УКМК.
Ошондой эле атайын кызмат жарандарды провокациялык маалыматтарга алдырбоого жана расмий маалыматтарга гана көңүл бурууга чакырды.