Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театры Бишкекке болгон чыгармачылык сапарынын алкагында коюлган спекталге нааразы болду.

"Театрларыбызда жылаңач көрсөтүүлөр да болуп жатат. Кайда баратабыз?" - деген депутат тиешелүү министрликти театрлардын репертуарларын көзөмөлгө алууга чакырды.

"Коомчулугубузда жаман бир көрүнүш болду. Театрларыбызда жылаңач көрсөтүүлөр да болуп жатат. Кайда баратабыз? Ыйман, адеп-ахлак, тарбия маселесинде мааниси жок көрүнүш болуп жатат. Уят! Маданият министрлигинен бул боюнча жооп күтөм, чара көрүңүздөр. Элдин 80 пайыздан ашыгы мусулман динин тутунушат. Ошолорду көзгө илбей, жапайычылыкты көрсөтүп жатканы ыплас иш болду", - деди Нурбаев.

Эске салсак, Султан Раевдин повестинин негизинде, Уланмырза Карыпбаев режиссерлук кылган "Күн кармаган бала" спектакли коомчулукта чоң талкууну жараткан. Анда энеси оорулуу баласын жылаңач жуунтуп жаткан эпизод бар.