Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн Казакстан Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу КР УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, ушул жылдын 26-сентябрында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын аймагынан 1995-жылдын 5-декабрында туулган Казакстандын Алматы шаарынын тургуну А.Г.М. кармалган. Ал расмий өтмөктөрдү айланып, казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип (Кыргыз Республикасына карай) өтүп, андан соң эл аралык “Манас аэропорту” аркылуу үчүнчү мамлекеттерге учуп кетүүнү көздөгөн.

КР УКМК тарабынан Казакстан Республикасынын жараны А.Г.М.  карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын 27-сентябрында Октябрь райондук сотунун чечими менен чет элдик жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.

Ошол эле учурда, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, А.Г.М. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүүгө катышкан деп издөөдө жүргөн.