Бүгүн, 3-октябрдагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев, Максатбек Сарбагышев тарабынан демилгеленген.
Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Мирлан Самыйкожо белгилегендей, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды социалдык жактан колдоо жана материалдык абалын жакшыртуу мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.
Тагыраагы, аталган мыйзам долбоору менен эгерде белгиленип жаткан же чектелген майыптыгы боюнча пенсиянын өлчөмү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болсо, майыптык боюнча пенсияга укуктуу адамга же пенсионерге майыптуулук боюнча пенсияны же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулду тандап алууга бир жолу укук берүү сунушталып жатат.