Тажиктер менен чек араны Ташиевден башка эч ким чече албайт болчу.  Башканы айтпаганда да, согуш болуп жаткан учурда тажиктер тарапка барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатты.  Башка бир да адам мындай тобокелчиликке бара албайт эле. Себеби, тажиктердин чыныгы натурасын, адамгерчиликсиз жүзүн көрүп, өкүнүп деле болдук окшойт. 

Тажиктер биринчи кол салганда, Ташиев ден соолугу боюнча Германияга барган болчу, эгер эсинерде болсо. Германияга жетип- жете элегинде шум кабар барып, элдик Баатырыбыз өзүнүн ден соолугуна да карабай ошол замат кайтып келген. Биз муну унутсак көр болобуз. 

Эгер Ташиевдин ордунда башка ким болсо да Германияда жатып алмак, шылтоо табылды деп. 
Эмнесин айтайын, биз Ташиевди биринчи жолу көрүп жаткан жокпуз. 

2010-жылдагы ҮӨттүн эшек баш канкорлору баштаган түштүктөгү согушту да бир Ташиев токтотуп калган.  Башкалар салымыбыз бар дегенге да акылары жок, себеби, эл бир гана Ташиевди уккан, Ташиевди ээрчиген, анын айтканын кылышкан. Бир эле кыргыз улуту эмес, өзбек улутундагыларга да Ташиев өзү барган, өз өмүрүн кылычтын мизине такап коюп. 

Ташиевдин ким экенин түшүнбөй, ал жөнүндө негатив сөз айткандар - кыргыз элинин ичтен чыккан душмандары деп айтат элем. 

Антпегенде, эл ичинен чанда чыккан жакшыларыбызды баалай албасак улут курут болуп кетпейбизби. 

Рахмат элдик Баатырга. Ылайым эле Кудайым ага бекем ден соолук берсин. 

Анын ден соолугунун бекемдиги да кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн экенин унутпай, бата берип туралы, урматтуу боордоштор!

Шамурза Борукулов