Жакынкы өзүн жарандык активист катары атаган Тилекмат Куренов соцтармактардагы баракчалары аркылуу көмүр кендери Кытайга сатылып кеткенин жар салган. Ал “380 миллион тонна запасы бар 9 көмүр кени Кытайга сатылып кетти" деп айткан. 

Бул билдирүүгө  "Кыргызкөмүр" МИнин түштүк филиалы боюнча директору Сүйүнбек Мамашев жооп берип, Куренов айткан көмүр кендери аталган МИнин жүз пайыз карамагында турганын белгиледи. 

"Тилекмат Куреновдун билдирүүсүндөгү маалыматтарды расмий жокко чыгарам. Ал курулай доомат, калп маалымат таратуу менен элди дүрбөлөңгө салууну көздөөдө. 

Ал айткан көмүр кендер Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына 100 пайыз ыйгарылган. Мында, белгилей кетчү нерсе, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери түштүк аймакта бир дагы мамлекеттик көмүр кени болгон эмес. Көмүр кендерине лицензияларды тааныш-билиштик аркылуу алып алган жеке компаниялар өздөрү каалагандай иштетип, басымдуу бөлүгүн экспортко чыгарып, калганын элге кымбат баада сатып келишкен. Учурдагы өлкө жетекчилиги, президент Садыр Нургожоевичтин жүргүзгөн саясаты, Акылбек Үсөнбековичтин ыкчам чыгарылган тескеме, токтомдорунун натыйжасында көмүр кендери азыр мамлекеттин кызыкчылыгына иштетилип жатат. Көмүр кендери мамлекеттикки болсун, мамлекеттин көмүргө болгон муктаждыгы жоюлсун, көмүр аркылуу дагы мамлекеттин экономикасын кыйла көтөрүүгө болот деген тыянак менен мамлекеттик ишканага ондон ашуун лицензиялар ыйгарылды. 

Куреновго буга чейин көмүр кендерин иштетип келген жеке компаниялардан заказ түшкөн деп ойлойм. Ким ага мындай маалыматтарды жеткирди, ким аркылуу элди алдоо жолу менен башаламандыкка чакырык таштап жатат - учурда толук тактап, тиешелүү укук коргоо кызматтарына өткөрүп бердик. Жакынкы күндөрү мыйзамдуу чара көрүлөт", - деген Мамашев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып "туура эмес маалыматтарды таратуу менен коомчулукка дүрбөлөң салган жарандарга катаал чара көрүүсүн" суранган.