Жогорку Кеңеш депутаты Айсаракан Абдибаева жакында Төрага Нурланбек Шакиев жетектеген депутаттык делегация менен бирге  Өзбекстан Республикасына жасаган иш сапары тууралуу "Парламент" радиосуна айтып берди.

“Өзбекстан Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаеванын кабыл алуусунда болдук.  Кыргызстан үчүн Өзбекстан стратегиялык өнөктөш коңшу мамлекет. Ушул тили окшош эки элдин салт-санаасы, үрп-адаты, тутунган дини да бирдей. Маданий-гуманитардык алакаларыбыз да чыңдалып жатат. Саясий-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү жолу да бири-биринен ажырагыс”, - дейт депутат. 

Эл өкүлүнүн белгилешинче, Өзбекстан мамлекетинде ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү жаатында заманбап технологиялар колдонулуп, ири илгери жылыштар болууда.

“Мисалы, турмуш-тиричилик техникаларын чыгаруучу ишкана кирешесин арбытып, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоодо бир топ алдыга кетиптир. Андагы өнүмдөрдүн баалары да сапатына жараша арзан, орточо, кымбат товарлар болуп бөлүнөт. Коңшулардын санариптештирүү тармагы да дүйнөлүк өнүгүү чабыты менен алдыга кетип бара жатыптыр”, - деди А.Абдибаева.

Ошондой эле Өзбекстанда отурукташып калган этникалык кыргыздар менен жолугушуп, алардын жашоо шартынан кабар алышкандыгын айтты.

“Коңшу өлкөдөгү боордошторубузга ак өргө жагынан жардам берип, улуттук музыкалык аспабыбыз болгон комуз менен камсыздоого да көңүл бурулат. Билим берүү жаатында да жардамдар берилет. Жалпысынан, коңшу өлкөдөгү боордошторубузга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөт ”, - деп билдирди.