Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоого багытталган мыйзам долбоору кийинки жумада талкууга чыгарылаарын билдирди.
Айтымында, бул мыйзам долбоорун комитеттин күн тартибинен эки жолу чакыртып алган. Анткени депутаттар Министрлер Кабинетинин корутундусун ала алышкан эмес.
"Биз ансыз деле талкуу жүргүзө алабыз. Бирок алар менен чогуу жүргүзсөк мыйзамды ишке ашырууга каржылоону, кол тамганы тезирээк алмакпыз", - деди ал.
"Үй-бүлөлүу зомбулукту токтотуунун бир гана жолу бар, ал - укук коргоо органдарынын иштөө системасын толугу менен өзгөртүү, бардык кодекстерди бири бирине ылайыкташтыруу. Милиция аракет кылбай жатканына мыйзамдардын да күнөөсү бар, анда баары конректтүү жазылган эмес", - деди депутат.
Ал бул көйгөй 30 жылдан бери топтолуп кеткенин белгиледи.
"Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзам бар, бирок ал иштебейт, кодекстерде жок. Бул документке экономикалык жана моралдык зомбулукта да киргизгендигимден каршылык аябай көрсөтүлүп жатат. Баланын укугу каралбайт. Энесинин кулагын, мурдун кескенин көрүп турган бала эми кандай болот? Ага жардам керек, ал бул иште жабырлануучу", - деген ал сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда мына ушундай жагдайлардын баары каралганын айтты.
Ошондой эле депутат ажырашууларды азайтуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүшү керектигин билдирди. Айтымында, улуу муундар мамиле түзгөндү, уруш-талашсыз сүйлөшүүнү билишпейт. Ошондуктан үй-бүлөлүк зомбулук боюнча фактылардын саны өсүп жатат. Аялдар дагы экономикалык жана моралдык зомбулук көрсөткөн учурлар болот. Аны өзгөртүү үчүн билим берүү системасын жаңылоо керек, жеринде психологиялык жардам берүүнү колго алуу зарыл.
"Мамлекет зөөкүрлөрдү жазалап гана койбостон, жандүйнөсүн да оңдоого тийиш. Мен пробациялык көзөмөлдө психологдор болушу керек деп ойлойм. Эгерде коргоо ордери болгондо Селекция айылындагы окуяда киши аялга зыян кыла алмак эмес. Андан тышкары сурамжылоо жүргүзүп, үй-бүлөлүк зомбулук канчалык деңгээлде экенин аныктоо кажет. Зомбулукка күбө болгон ар бир адам ал тууралуу укук коргоо кызматтарына кабарлашы зарыл", - деди Ашимова.