Бишкек — Каракол темир жолун куруп, тез жүрүүчү поезд каттатуу пландалып жатат. Буга байланыштуу долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда. Бул тууралуу транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Айтымында, поезд жол ачыла турган болсо, жол кыскарат, Бишкектен Караколго жүргүнчүлөр 1,5-2 саатта жетишет. Ал эми долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 4,5 миллиард доллар керектелет. 

"Бул боюнча Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деди Ырысбек Бариев.