27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Айым депутаттар форумунун кезектеги жыйыны өттү. Ага форумдун төрайымы Миргүл Темирбаева баштаган депутаттар Джамиля Исаева, Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Динара Ашимова, Надира Нарматова, Жылдыз Садырбаева, Нилуфар Алимжанова, Шарапаткан Мажитова, Гүлшаркан Култаева, Жылдыз Таалайбек кызы, Айгүл Айдарова катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) “Укук булагы” долбоорунун презентациясы сунушталды. Долбоордун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишин изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча кенен маалымат беришти. Маалыматта айтылгандай, учурда өлкөдө 541 аксакалдар соту иш алып барууда. КР аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн жалпы саны 3 282 адамды түзөт, алардын ичинен 2 764ү (84%) эркектер жана 518и (16%) аялдар.
Изилдөөнүн максаты аксакалдар сотторунун ишмердигине жана учурдагы абалына, алардын иштерди кароо тажрыйбасына жана негизги тараптар менен өз ара аракеттенүүсүнө баа берүү саналат. Пикир-келишпестик же мыйзамдардын бири-бирине болгон карама-каршылыктарын оңдоп, иретке келтирүү каралган.
Талкууда депутат Динара Ашимова аксакалдар сотунун ыйгарым укуктары менен милдеттеринин көпчүлүгүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүү зарылдыгын сунуштаса, депутат Надира Нарматова алардын курамына айымдарды да кошуу керектигин айтып, же 70% эркектер болсо 30% аялдардан түзүлсө деген пикирин билдирди.
Соңунда, Жогорку Кеңештин Айым депутаттар форумунун төрайымы Миргүл Темирбаева сунуштарды эске алуу менен, долбоор жалпы коом үчүн керектүү экенин белгиледи. Мындан сырткары, кереге кеңеште Айым депутаттардын форумунун кийинки көчмө жыйыны Нарын облусунда өтөрү бекитилди.