Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев бүгүн, 27-сентябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде жакында эле Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында  болуп өткөн эр эңиш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

23-24-сентябрь күндөрү болуп өткөн бул жолку спорттук иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстандын командасы баш байгени камсыздады. Экинчи орунга Казакстан татыктуу болсо, Россия Федерациясынан келген команда үчүнчү орунга ээ болду. Жеңүүчүлөргө алтын, күмүш жана коло медалдар ыйгарылып, андан тышкары акчалай сыйлыктар тапшырылган.

“Дүйнөлүк бул таймашка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Афганистан, Кытай, Россия, Венгрия, Түркия, Монголия мамлекеттеринин командалары чакырылган. Бирок, болгону, Афганистандын командасы гана келе албай калды. Негизинен, оюнга 18 жаштан жогорку курактагы эр жигиттердин 60 - 100 кг салмактан ашкандарынын 6 категорияга бөлүнгөн чабандестери катышты”,- деп билдирди депутат.