Нарын райондук соту жети жашар кыздын өлүмүнө айыпталган кишини 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алганын маалымат каражаттары облустук соттун маалыматына таянып жазышууда. 

Окуя ушул жылдын апрель айында Нарындын Орто-Нура айылында болгон. Жети жаштагы Ж.А.Ж.аттуу кыз мектептен түштө чыгып, бирок үйүнө барган эмес. Ошол эле түнү кыздын сөөгү айылдагы кароосуз калган үйдөн табылган. Өлүмгө шектүү катары 64 жаштагы тургун кармалган.