Бүгүн Камчыбек Ташиев өмүрүнүн 55-жылын тосууда. Анын туулган күнү менен социалдык тармактардын көпчүлүк колдонуучулары куттукташып, жылуу пикирлерин, жакшы каалоолорун билдиришүүдө. Алардын бири – журналист Гүлмира Тыналиева мындай деп жазды:
“Сампа” – бул Сузак районундагы пахта тазалоочу заводдун аталышы.
2010-жылдын жай мезгилиндеги кандуу окуяда заводдун чатырына снайперлер жайгашкан.
Көзгө атаар жана муздак кандуу ал адамдардын ок атуудагы позициясы эки максатка ылайыкталган:
1. Бишкек-Ош трассасында ары-бери өтүп жаткан оор жүк ташуучу транспортторду мээлөө;
2. Заводдун аймагында куралданып, “жек көрүнгөн кыргыздарды” өлтүрүүгө даяр турган сепаратисттерди жаап-жашыруу, коргоо.
Бул желдеттерди көздөй бир адам бара жатты.
Ал эки тараптан – өйдө жагынан да, каршысынан да куралын мээлеп турган өзбек куралдуу топторунун көз караштарынын коштоосунда экенин билип басып баратты.
Бул жалгыз жана куралсыз адам Камчыбек Ташиев болчу.
Ошондогу кадамдарын өмүр бою эсинде сактайт...
Ал кадам да, метр да, “Топурак-Белдин” чаңдуу жолу да эмес эле.
Жок. Адам жашоосунун калган ар бир секундун эсептеп баратты.
Өлтүрүшө элек, бирок өлүмдү көздөй кадам таштап алды.
Жалгыз. Сүйлөшүүлөргө жөө, куралсыз баруу үчүн автоунаасын “Сампадан” алыс токтоткон.
Ташиев кийин өзү эскергендей, ал жакка эмнеге баратканын так билген.
Уйкусуз түндөрдөн кыйналган мээ кыйкырып жатты – кыргынды токтотуу керек.
Кантип? Сүйлөшүү жолу менен гана.
Бир гана нерсе түшүнүксүз болчу. Сүйлөшүүлөргө бараткан жолдо дагы деле тирүүбү же жокпу?
Анткени кадамдары түбөлүк болгондой сезилип кетти.
“Убакыт илмеги” – жашоонун жана абдан жакын калган өлүмдүн ортосундагы нерсеби?
Куралсыз Ташиев менен сүйлөшүү болуп өттү.
Аны артка кое беришти.
Кайрадан ошол абал. Кайрадан ошол “илмек”.
Кайсы секундда сенин жашооң үзүлөөрүн күткөн сезим.
Профессионал снайпердин далыңа тийген огунанбы же махала тургундарынын башаламан атылган огунанбы? Айырмасы жок.
2010-жылы Ош окуясы – бул Кыргызстандын жаңы тарыхынын эң бир трагедиялуу барагы.
Өзгөчө коркунучтуу кыргын сепаратисттер тарабынан өтө мыкаачылык менен 16 адам өлтүрүлгөн “Топурак-Бел” аймагында болгон.
Эгер бул аймактагы дайынсыз жоголгон адамдарды кошо турган болсок, өлтүрүлгөндөрдүн саны бир нече эсеге жогорулайт.
... А желдеттерди бет алып коркпостон Адам баратты.
Ошол адам “Сампадагы” кыргынды токтото алды...
Ага “Сампадан” кийин эч нерсе коркунучтуу эмес...
Узак жашаңыз, Камчыбек Кыдыршаевич!
Элге баатырдын баскан жолу тууралуу чындык керек!
Элге Баатырлар керек!
Туулган күнүңүз менен! 55 жаш курагыңыз менен!
Элге баатырдын жолу тууралуу чындык керек!
Элге Баатырлар керек!
Туулган күнүңүз менен! 55 жаш курагыңыз менен!"