Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожомкулова Сокулуктагы мурдагы күйөөсү аялдын кулак-мурдун кескилеген окуяга кайрылды. 

Ал соттор пробацияны колдонууну оюн көрүп калганын белгиледи. 

"Соттор пробацияны ашыкча колдонуп жатышат. Ага бир далил - кулак-мурду кесилген аял. Анын баары кичинекей баланын көз алында болгон. Киши буга чейин мурдагы аялына жасаган мамилеси үчүн бир нече жолу жоопкерчиликке тартылган, профилактика жүргүзүүнүн, каттоого алуунун ордуна эч кандай реакция кылбаган. Мен бул окуядан кийин укук коргоо органдарында, прокуратура жана сотто отставкалар болот деп ойлогом, бирок жымжырттык орун алды. Көзөмөлдөөчүлөр кайда?" - деди депутат. 

Көзөмөл органынын жетекчисинин орун басары бул иш аппеляциялык тартипте каралып жатканын, чечим мыйзамдуу күчүнө кире электигин билдирди. 

"Сот жыйындарында прокурор дагы катышат, ал пробация колдонууга макулдугун береби же жокпу? Сиздер кызматтык иликтөө жасадыңыздарбы? Ал кишини эки жолу зордуктоо фактысы менен кармашкан экен. Бул нормалдуу көрүнүшпү? Мен акыркы эмес, ага чейинки болгон иштерди айтып жатам. Себептерин аныкташ керек да. Аймактык милицияга, ИИБ башчысына карата кандайдыр бир чара көрүлүшү керек болчу. Чара көрүлбөгөндүктөн ушундай жыйынтыкка жетип отурабыз", - деди Кожомкулова.