Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен кызматташуусунун аркасында ЖАКтын Окуу борборунун окутуучулары үчүн алардын квалификациясын жана компетенттүүлүк деңгээлин жогорулатуу максатында «Билим берүү процессинде технологияны колдонуу: заманбап инструменттер жана методдор» деген темада эки күндүк семинар өткөрүлдү. Трненингди тажрыйбалуу адис Дина Кожахметова өткөрдү.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө ЖАКтын төрагасынын биринчи орун басары, ички кызматтын полковниги Кемель Садыков:

“Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий багыттын аркасында ата мекендик жазык-аткаруу системасында масштабдуу кайра куруулар жүрүп жатат. Алар бизге барган сайын жогорку деңгээлдеги талаптарды коюп жатышат. Жаза аткаруу системасы жогорку кесипкөй кадрларга мурдагыдан да көбүрөөк муктаж. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кадрларын тандоону, кесиптик даярдоону жана тарбиялоону жакшыртуу зарыл”деп белгиледи.

Тренинг билим берүүнү өнүктүрүүнүн жигердүү колдоочусу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду колдогон ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

Тренингдин максаты - ЖАКтын Окуу борборунун кызматкерлерин окуу процессинде эффективдүү колдонууга боло турган акыркы технологиялар жана инструменттер менен тааныштыруу болду.

Ошондой эле Кемель Алымкулович:

“Учурда ЖАКтын Окуу борборунун потенциалын чыңдоо, штаттык, финансылык жана материалдык чыгымдарды оптималдаштыруу максатында уюштуруу-штаттык түзүмүн кайра түзүү, баштапкы кесиптик даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу курстарынын окуу-тематикалык пландарын жана программаларын иштеп чыгуу жүргүзүлдү. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн жогорулатуу категорияларында  Окуу борборунун бардык кызматкерлери өздөрүнүн билимин жана тажрыйбасын жаш кызматкерлер менен бөлүшүүгө, ошондой эле жеке үлгүсү жана мамилеси менен аларга жаза аткаруу системасынын кызматкеринин кесибинин маанилүүлүгүн, анын зарылдыгын көрсөтүүгө чечкиндүү көмөк көрсөтүп келет деп ишенебиз. Аны менен катар коомубуз үчүн маанилүү болгон жаш кесиптештерди жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүгө абийирдүү мамиле кылууга түрткү болот», - деп баса белгилөө менен Окуу борборунун кызматкерлерине иштеги берилгендигине ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар чоңдорду окутуунун заманбап ыкмаларынын өзгөчөлүктөрү, анын ичинде компьютердик технологиялар жана мультимедиялык материалдар, интерактивдүү методдор, билим берүүдөгү чыгармачылык мамилелер, чоң жана чакан топтордо иштөө, талкууну контролдоо жолдору, билим берүүдөгү жаңы технологиялардын принциптери жана башка көптөгөн нерселер менен таанышты.

Алынган билимдер жана көндүмдөр ЖАКтын Окуу борборунун кызматкерлерине окутуунун сапатын жогорулатууга жана студенттерди заманбап жана инновациялык окутуу ыкмалары менен камсыз кылууга жардам берет.

Тренингдин аягында бардык катышуучуларга тиешелүү сертификаттар берилди.