20-сентябрда милициянын кенже лейтенанты Нурлан Сайдиевдин жаркын элесине арналган спорттук динамиада Ош шаардык ички иштер башкармалыгында өттү.
Маркумдун атасы өз кезегинде уулун урматтап, атын өчүрбөй ушундай ири иш-чараларды өткөрүп келе жаткан ИИМдин жетекчилигине ыраазычылыктарын билдирди.
Бул спорттук иш-чаранын ачылышына маркум Нурлан Сайдиевдин атасы, жубайы, баласы жана кызы катышышты. Маркумду эскерип, элесине куран түшүрүлдү.
Бул кичи динамиадага ИИМдин “Шумкар” АБПнын, МАККББнын, ички аскерлердин, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары менен Ош шаарынын ИИБдин командалары катышышып, спорттун 5 түрүнөн күч сынашуу орун алды: ордо, аркан тартыш, кичи футбол, кол күрөш жана күжүрмөн куралдан ок аттуу. Мелдеш эки күнгө созулду.
Милициянын кенже лейтенанты Сайдиев Нурланбек Жанышович 2004-жылдын 20-ноябрында террорчулар менен кармашууда баатырларча курман болгон. 2006-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын ИИМнин буйругунун негизинде жыл сайын анын элесине арналган мелдеш өткөрүлүп келет.