Ведомствонун ар кыл бөлүмдөрүнүн мыкты оюнчуларынан куралган КР Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын футбол командасы күч түзүмдөрүнүн арасында "Динамо"коомунун 100 жылдыгына арналган Лев Яшиндин жаркын элесине арналган эл аралык турнирге катышты.

Россиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы (РФ ФСИН) уюштурган бул абройлуу мелдешке баруу үчүн ЖАКтын жалпы жамааты өз оюнчуларын ар тараптуу колдоо көрсөтүү менен узатышкан. 

Турнирге Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларустун пенитенциардык кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле РФнын ар кандай федералдык органдарынын өкүлдөрүнөн турган 20 команда катышты. Жыйынтыгында 40 жашка чейинки курактагы тайпасындагы кызуу оюндардын жыйынтыгында КР ЖАКтын курамасы  4-орунду багындырышкан.

Турнирдин калыстар тобу ЖАКтын курамасына "жогорку спорттук көрсөткүчтөрү жана жеңишке болгон эрки үчүн" номинациясы боюнча атайын сыйлыктарды, ошондой эле "Динамонун"100 жылдыгына арналган эстелик медалын тапшырды. ЖАКтын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин сержанты Саламат Мамбеталиев уюштуруу комитетинен "мыкты чабуулчу" номинациясына татыктуу деп табылды.

Оюнчулар мекенине кайтып келишкенде ЖАКтын төрагасы, ички кызматтын генерал-майору Аскат Эгембердиев сыйлоо аземинде өз сөзүндө: “Биздин балдар финалда Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан кесиптештеринин курама командаларын, Федералдык коопсуздук кызматынын бир нече бөлүмдөрүн, ал тургай Россиянын Федералдык күзөт кызматын да жеңип чыгып, жогорку классты, ынтымакты жана чеберчиликти көрсөтүшүп, олкө намысын талашып татыктуу оюн көрсөтуп келишти” деп баса белгилөө менен катышуучуларга терең ыраазычылык билдирди.      

Турнирдин катышуучулары ведомстволук "Кылмыш-Жаза аткаруу системасына 20 жыл" медалдары, грамоталар менен сыйланды.