Москвада 23 жаштагы кыргызстандык жигит алдамчылыкка шектелип жатат. Бул тууралуу Орусиянын Mash-Telegram каналы жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, ал жердеш кыздарды үйлөнөм деп алдап, кыздыгынан ажыратып, андан соң алардан карызга акча ала баштаган.

Милицияга 22 жаштагы сатуучу кыз Нурисламга (ал өзүн ошентип тааныштырган) каршы полицияга кайрылган. Кыздын айтымында, эки ай мурун таанышып, мейманканада чогуу түнөшкөн. Жигит банк картасын унутуп калганын айткандыктан, бардык чыгымды кыз өзү төлөгөн. 

Нурислам кыздын артынан калбай, үйүнүн жанында күтүп, кыздан акча сурай берген. Бир күнү ал үйдүн кире беришине уктап калган. Кыз анын телефонун алып, өзүнө окшогон көп кыздар бар экенин, ар кимге ар кайсы атты айтып таанышканын көргөндөн кийин экөө урушуп кеткен. Кыз уктоочу дары ичип, өзүн өлтүрмөкчү болгон. Бирок ал оюнан кайткан. Бир нече убакыттан кийин экөө кайра жолугуп, түн өткөрүшкөн соң, кыз Нурисламга каршы арыз жазып, полиция аны кармаган.