Сокулук районунун 3, 2 жана ымыркай балдарын саткан 22 жаштагы аял кармалганын Чүй облустук ИИБи билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган ички иштер башкармалыгына Сокулук районунун тургуну кайрылып, мурдагы жубайына чара көрүүнү суранган. А.А.аттуу жарандын айтымында мурдагы жубайы Д.Н. балдары менен жолуктуруудан баш тарткан. 

Аталган факт Сокулук райондук ИИБине каттоого алынып, тергөөгө чейинки иликтөө амалдары башталган. 

Анын жүрүшүндө, Д.Н. 2021-жылдын 7-мартында кыздуу болуп, аны Москва районунун тургунуна саткан. 2022-жылдын 28-апрелинде төрөлгөн уулун К.аттуу жаранга соодалаган. Ал эми 2023-жылдын 16-мартында үчүнчү кызын жарык дүйнөгө алып келген дагы, аны М.аттуу жаранга акчага алмаштырган. 

Бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Балдарды сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Аталган аялдын Сокулук районундагы жашаган жери аныкталды. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда сатылган балдардын жашаган жери аныкталып, бардык зарыл тергөө амалдары жүргүзүлдү. Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.