Кыргызстанда ундун баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жазды. 

Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтаарым, баа көтөрүлбөйт, мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура, казактардын унунун баасы көтөрүлдү, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт.

1- сорт ундун баасы 30 с/кг, бир кап ун 1500 сом, жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн, себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет.

Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт!

Мамлекетибиздин азык - түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган", - деп жазды Камчыбек Ташиев.