Гүлзат Мамытбек Казакстанга иш чарага чакырып, сүйлөп жаткан убагында алып баруучулар Санжар Мыкыев жана Нурсултан Майназаров "микрофонду өчүрүп салды" деп эки күн мурда ыйлап коомчулукка чыккан болчу. 

Эми ал айткандарын артка алып, аталган алып баруучулардан кечирим сурады.

"Алтыным, кыргызым, боорум Санжар Мыкыев, Нурсултан Майназаров, Самат Дөөлөтбаков. Мен баарыңардан кечирим сурайм. Кыргызстанды мен эч убакта жыйырманчы же экинчи орунга койгон эмесмин. Дайыма биринчи. Ар бир видеомдо Кыргызстанды биринчи деп келем. Конференция инфо бизнес тууралуу болчу. Мен Кыргызстан инфо бизнес боюнча артта калып жатат деп айткыча микрофон өчүп калбадыбы. Андан кийин экинчи микрофон өчүп калды. Ошого бир аз ызаланып кеттим.

Кечирип койгула билип-билбей кылган күнөөлөрүм үчүн. Бири-бирибизди кечиришели. Ушуну менен бул теманы жабалычы. Кыргыз кыргызга душман эмес, кас эмес. Бири-бирибиздин көзүбүздү чукуганды токтотолучу. Мен кечирим сурагандан оозум чарчап калбайт. Күчтүү киши кечирим сурай алат. Мен болгону ыйлап, бугумду чыгарып алдым", - деп видео кайрылуу жолдоду.