Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүн Чолпон-Атаны селден кесепетттеринен жоюуга каржылык көмөк көрсөтүүгө чакырды. 

Ал тийиштүү кызматтардан табият кырсыгы эмнеге жыл сайын масштабдуу зыян келтирип жатканын суражы. Андан соң шаарга жардам берүүгө эсеп ачууну сунуштады. 

"Чолпон-Атада байлар да, "мыйзамдагы уурулар" да, кылмыштуу топтордун башчылары дагы бар. Эсеп ачып, жардам берүүгө чакырыш керек", - деди ал.