Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев азык-түлүктөргө болгон баанын өсүшү боюнча маселеге токтолду. 

Ал бул жааттагы жоопкерчиликтүү аткаминерлерди кайдыгер болбоого чакырды. Ошондой эле, баалардын өсүп жатканына Министрлер Кабинетин айыптады.

"Мен "Сникерс" шоколадын сатып алып азык-түлүктөрдүн баасын көзөмөлдөй турган бардык мекемелерге таратып берип, "Не тормози, сникерсни" деп айтууну сунуштайм. Эч ким эч нерсе жасагысы келбейт. Айыл чарба министрлиги бирдеме деди, матрезерв алда кандай болуп кетсе, азык-түлүктөрдүн запасы бардыгын айтты. Бирок тормоздонбой, маселени чечиш керек. Ундун кымбатташынан нанга жана башка азыктарга баа өсүп жатат", - деди Марлен Маматалиев.