Жогорку Кеңештин жыйынында камактагы "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун ишин иликтөө боюнча комиссия түзүү кайрадан сунушталды. 

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бул жыйынга аталган маселени күн тартибине киргизе албай турганын айтты. Ал кийинки жумага гана күн тартибине киргизүү мүмкүн экенин белгиледи. 

Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында депутаттар комиссия түзө алышкан жок. Айрым фракциялар комиссиянын курамына катышуудан баш тартышкан. Ал эми добушка коюуда жетиштүү добуш чогулбай калган.