Курсакты тойгузуу үчүн ар кандай тамак жардам берет, бирок алардын экөө узак убакытка чейин ачка болбой жүрүүгө жардам берет. Ал кандай азыктар десеңиз, россиялык дарыгерлер жумуртка жана балыкты айтышты.

Алардын айтымында, ач болуу жана ток болуу сезимдери баш мээден башталат. Ал организмдин клеткаларынын жана ткандарынын энергия алмашуу процессинен улам талап кылуусунан келип чыгат. Курсакты ар кандай тамактар менен тойгузууга болот, бирок татаал углевод, белок жана пайдалуу майлар бар азыктарды дегенден кийин көпкө ач болуу сезими жаралбайт. Анткени жөнөкөй углеводдорду организм тез эле түгөтүп коет.

Ошондо, ток кармоочу азыктардын катарына – кызыл эт, тоок эти, балык, жумуртка жана сүт азыктарды кирет. Андан сырткары тамактанууга мөмө-жемиш, жашылча, дан азыктарын дагы кошуу керек.