Бүгүн, 20-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам  долбоору биринчи окууда каралды.

Бул багытта Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев баяндама жасады.

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов, Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик, Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек, Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач, Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал, Ноокат районун Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай, Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил жана Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган. 

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешов айыл менен шаардын аныктамаларын сурап, шаар ичинде айылдардын уюштурулуусун тактады. Депутат калктуу конуштардын макамынын өзгөрүүсү менен ал жерде жашаган тургундардын өздүк документтерин алмаштыруу жагдайына да көңүл бурду. Депутат Русланбек Жакышев айыл статусун алган конуштарды тандоо категориясына кызыгып, Талас облусунун Бейшеке айыл өкмөтүндөгү статус албай жаткан калктуу конуштун көйгөйүн көтөрдү.

Ал эми депутат Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы конуштун жашоочуларынын маселесин көтөрүп, өздүк документтерин бүтүрө албай жаткан элдин көйгөйүн айтты.  Депутат Элмурза Сатыбалдиев  көрүнүктүү коомдук ишмер Иманалы Айдарбековдун ысымын Байтик айыл өкмөтүнүн Кайырма айылына ыйгаруу боюнча буга чейин фракция лидерлери жолдогон каттын аткарылышын тактады. Административдик аймактык реформанын аткарылышы боюнча маселени тактаган депутат Нурбек Алимбеков,  аймактарда түзүлгөн комиссиянын курамы тууралуу маалымат сурады. Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Надира Нарматова аймактык реформанын жыйынтыкталышын тактады. Депутат Улан Примов Ош облусунун Сары-Таш айыл өкмөтүнүн Нура айылына чек ара статусун берүү маселенине көңүл буруп, бул маселени көзөмөлгө алууга чакырды. Депутат Чингиз Айдарбеков Токтогул районунун Сары-Камыш айыл аймагынын тургундарынын аймактык реформанын алкагындагы суранычын жеткирди. Депутаттар Улан Бакасов, Жалолидин Нурбаев, Мейкинбек Абдалиев Ат-Башы, Араван, Ноокен райондорунун борборлорундагы айылдарга шаар макамын берүү маселесин көтөрдү.

Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун колдоого алышты.