Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырат.
20-22-сентябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөөрүн Кыргызгидромет кызматы билдирген. Анда айтылгандай, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Өлкөдөгү туруксуз аба ырайынан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.