"Кыргыз камволь-нооту комбинаты" ААКнын мүлкүн күрөөлүктөн жеке колго мыйзамсыз алып коюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында «Кыргыз камволь-нооту комбинаты» ААКсынын  мүлкүн күрөөгө коюуда Bitex компаниясына, жеке колго мыйзамсыз алуу фактылары аныкталган. 

Такталгандай, 1997-жылы аталган ААК Япония Өкмөтүнөн жана Германиянын KFW банкынан эки техникалык кредит (жабдуу) алган.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кредитор катары "Кыргыз камволь-нооту комбинаты" ААКсына 916 миң 137 немец маркасы жана 5 миллион 246 миң 600 АКШ доллары өлчөмүндө карыздык милдеттенме алган.

2014-жылы А.Ш.Шнын («Аю» холдингинин негиздөөчүсү) аффирилденген өкүлдөрү аталган ААКынын акцияларынын контролдук пакетине, ошондой эле Токмок шаарында жайгашкан «КПФ Касиет» ЖЧКсына ээлик кылып калышкан.

Ошону менен бирге, 2015-жылы «ККСК» ААКсы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык кредиттик фонддун күрөөсүнө технологиялык жабдууларды жана 4,1 га жер тилкелеринин бир бөлүгүн берген. Ал Бишкек шаары, Чүй проспектиси 4 дарегинде жайгашкан.

Жыйынтыгында 2016-жылы «ККСК» ААК жана «КПФ Касиет» ЖЧКсынын жооптуу адамдары КР премьер-министрине кредиттик келишимди жана «ККСК» ААКдан күрөөгө коюлган мүлктү «КПФ Касиет» ЖЧКсына өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы токтомуна ылайык, «ККСК» ААКнын 1997-жылдагы кредиттер боюнча жалпы суммасы 519 млн. сомдук карыздык милдеттенмеси  «КПФ Касиет» ЖЧКсына өткөрүлгөн.

Ошентип, «ККСК» ААКны «Битекс Компани» ЖЧКсы катары кайра каттоо менен А.Ш.А. Бишкек шаары, Чүй пр., 4 дарегиндеги жер участокторуна менчик укугуна ээ болгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы жана алынган далилдердин негизинде «ККСК» АКнын мүлк комплекси, 4,1 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылган.