Бишкек шаардык соту 18-сентябрда тергөө абагында отурган жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, аны абакта калтырды.
Олжобай Шакир сотто кылмыш ишин негизсиз деп эсептей турганын, өзүнө коюлган айып менен макул эместигин билдирди.
Бишкек шаардык соту 13-сентябрда анын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. 24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
Атайын кызмат Олжобай Шакирге (Эгембердиевге) Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Маалыматта шектүү “Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгени, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканы” айтылат.