Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөө кампаниясы башталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева маалымат жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө кызамык менен ооругандардын саны өлкө боюнча 2018ге жетти, алардын басымдуу бөлүгү жаш балдар", - деди ал.

18-сентябрдан 29-сентябрга чейин кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча кампаниясы уланат. Бул иш аракет вирустун жайылуусун алдын алат.

Иммунизация маселелери боюнча эксперттердин улуттук техникалык тобунун сунуштамасы боюнча эмдөө 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар арасында жасалат.

Кызамык-кызылча вакцинасы (ККВ) менен иммунизациялоо Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында жүргүзүлөт. Эмдөө үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, ФАПтарда жана билим берүү мекемелеринде убактылуу пункттары ачылат, эмдөө акысыз.