УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 15-сентябрда Баткенде коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусунан курман болгондорду эскерүү иш чарасында Тажикстан дооматтарын токтотпосо, Кыргызстандын да аларга кое турган дооматы бардыгын, ага негиз катары жаңы тарыхый документтер табылганын билдирген.
Бул боюнча "Демократиялык Кыргызстан" аялдар комитетинин төрайымы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкери, саясий илимдеринин кандидаты, профессор, ДАҢК Орденинин ээси Роза Жумаева пикирин айтты.
"Бүгүнкү күндө соцтармактарда чек ара маселелери боюнча архивдик материалдардын табылганы катуу талкууланып жатат. Мен аны жагымдуу кабар катары кабыл алдым. Саясат таануучу катары эмес, карапайым жаран катары айтканда дагы, аларды убагында табылган материалдар деп эсептеп жатабыз. Ал документтер менен азырынча тааныша элекпиз. Бирок кандай болгон учурда дагы бул сөз Камчыбек Ташиев тарабынан абдан туура айтылды. Нечен жылдардан бери бүтпөй келген чек ара маселеси жаңы бийлик келип иштеп баштагандан бери, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдин аракети менен ордунан козголду. Бир айдын жүзү болду, Баткенге: Маргунга, Кулундуга чейин барып келдим, жабыр тарткан эл менен сүйлөшүп, Максат айылына барып жаңы бүткөн үйлөрдү көрүп келгенимде эле канча деген коркунуч турат. Биздин Баткендин элине баатыр деген наамды берсек да жарашат, алар буга татыктуу. Тирүү калкан болуп чек араны коргоп турушат.
Ал эми ушундай учурда архивдик материалдардын табылганы эгемен өлкө катары кадыр-баркыбызды көтөрөт. Эмнеге айтпашыбыз керек? Коомчулук жылуу кабыл алып жатпайбы. Албетте, аны менен бара калып жерди тартып алалы дешпейт. Бирок учурунда айтыла турган маселе болчу. Мындан трагедия кылбаш керек", - деди Жумаева.