УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 15-сентябрда Баткенде коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусунан курман болгондорду эскерүү иш чарасында Тажикстан дооматтарын токтотпосо, Кыргызстандын да аларга кое турган дооматы бардыгын, ага негиз катары жаңы тарыхый документтер табылганын билдирген.
Бул боюнча Баткен облусунун мурдагы губернатору, коомдук ишмер Мамат Айбалаев пикирин айтты.
"Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн кезектеги, убагына келген сөз деп айтам. Ал документтер тууралуу, качан, кантип, кайдан тапканын убагы келгенде айтаар. Айтпаса биз билбейбиз да. Менин оюмча, кандай документтер экенин айтса керек. Ар кандай сөздөр айтылат, себеби Тажикстан бизге эки жолу куралдуу кол салды. 1999-жылдагы окуяны дагы башка душман эмес, тажиктердин колу деп билем. Анда дагы 52 азаматыбыз, жоокерлер, офицерлер душмандар тарабынан атылган. Акыркы 2 жолу кол салуусунда биринде 63, экинчисинде 36 азаматыбыздан ажырадык. Мына, ошондуктан мындай өлүмдөн кийин тажиктердин дарегине кандай сөз айтсак дагы, укугубуз бар", - деди Айбалаев.