Бүгүн, 15-сентябрда Баткендеги чек ара жаңжалында курман болгондорду эскерүү иш чарасы өттү. Тажикстандын 2022-жылдагы куралдуу кол салуусунда курман болгон 12 жаштагы Мадинанын элесине арналган эстелик ачылды. Иш чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. 

"Кыргыз кыргыз болуп жаралгандан бери эл журтун, жерин коргоп келген, эл журтун башкаларга кор кылбай карап келген. Мындан ары да ошондой болот. Биз кечээги окуяларда ийилдик, бирок сынбадык. Балдарыбыз, жоокерлерибиз, атуулдарыбыз жанын берди. Өз өмүрлөрүн мамлекетибизди, мамлекетибиздин аймагын сактайбыз деп беришти. Бирок биз жеңилген жокпуз. Аймагыбызды алдырбадык. Мындан ары да алдырбайбыз!

Урматтуу, жоокерлерибиздин ата-энелери, жакындары, балдары. Силердин балаңар, жолдошуңар, атаңар, бир тууганыңар мамлекетибиз, мамлекетибиздин аймагы үчүн курман болушту. Алар бул дүйнөгө жөн келип жөн кетишкен жок. Мамлекет үчүн жанын беришти. Татыктуу жашап өтүштү.

Мадина кызыбызга окшогон күнөөсүз балдарыбыздан да айрылдык... Ошол согуштун, кыяматтын кесепети болду. Мадина кызыбыздын турушун карасаңыздар... көгүчкөндөй болуп өзү да учуп кетти..." - деди Камчыбек Ташиев көзүнө жаш алып. 

12 жаштагы Мадина тажик тараптын аткан огунан каза тапкан. Анын апасы эстелик менен кошо кызынын экинчи өмүрү башталганын белгиледи.