УКМК төрагасы КамчыбекТашиев Баткендеги чек арачылардын кызматтык шарттары менен таанышып чыкты. 14-сентябрда аталган облустагы Чек ара кызматынын чек ара бөлүмдөрүнүн бирине барды. 

"Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу - башкы маселе. Бир метр жерибизди да душманга алдырып койсок, кантип кыйынбыз, жетекчибиз же жигитпиз деп басып жүрөбүз? Бир карыш жер үчүн күрөшүүдө колубузда болгон мүмкүнчүлүктүн баарын жумшайбыз. Күрөш силердей жигиттердин жардамы менен болот. 

Кылымдардан бери жашап келаткан кыргыздын эң жүрөктүү жигиттери силерсиңер! Ар дайым ушул нерсени жүрөгүңөргө түйүп жүргүлө. Биз силерге ишенебиз, а силер бизге ишенген үчүн ушул жерде турасыңар. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы, улуу урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин түздөн түз тапшырмасы менен аскер кызматкерлерин керектүү шарттар менен камсыздап жатабыз. 

Кыргызстан - тынчтыкты сүйгөн өлкө, бирок ошол эле убакта өзүнүн чек ара бүтүндүгүн коргоого жөндөмдүү, ар кандай күчтөргө каршы тура алган куралдуу күчтөргө ээ", - деди Камчыбек Ташиев чек арачыларга кайрылып.