Москвада 12-сентябрда башы жок эки адамдын сөөгү табылган. Жергиликтүү басылмалар каза болгондордун бири кыргызстандык экенин жазып чыгышкан. Ал эми мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү Өзбекстандын жараны экени айтылган. 

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул маалыматты тактоо үчүн Москва шаары боюнча тергөө комитетинин Головинский райондор аралык тергөө бөлүмүнө кайрылган.

Элчиликтин маалыматына караганда, Фестивальный көчөсүнө жакын жердеги сейил бактан адамдын жансыз денеси башы жок абалда табылгандыгы боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү "Киши өлтүрүү" менен кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүүдө.

Элчиликтин жана маркумдун апасынын катышуусунда тактоо иш чарасы болду. Анда каза болгон адам 1994-жылы туулган Б. уулу С. аттуу КРнын жараны экени аныкталды.

Учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан каза болгон жарандын жакындарына зарыл болгон консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө, ошондой эле маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда.