“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Талас облусундагы филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды. Бул УКМКнын Талас облусунун аймагында инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик каражаттарды уурдоо менен байланышкан коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө болгонун атайын кызматтан кабарлашты.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызмат адамдары тарабынан Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун курулушуна каралган акча каражаты ыйгарылып алынганы тастыкталды.

Көрүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 1 млн 900 миң сом кайтарылды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.