КР УКМК кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылып, алынды. Жашыруун жайда күжүрмөн тапанча (револьвер) - 1 даана; мергенчиликтин жылмакай сайлуу мылтыктары (араланган мылтык) - 2 даана; 6 даана 9 мм калибрлүү патрондор сакталган.
Бул боюнча материалдар Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул багыттагы ыкчам издөө иш-чаралары Ысык-Көл облусунун аймагында уланууда.