АКШ Өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) аркылуу Ош облусунун Мады айылында спорт борборун калыбына келтирүү иштерин колдоду. Бул туурасында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
21-декабрда ЮСАИД, Ош облусунун администрация өкүлдөрү жана Мадынын тургундары жаңыдан оңдолгон жаштар спорт борборунун ачылышын тасма кесүү менен белгилешет. Оңдоо иштерин жүргүзүү демилгеси «Эрбол» бейөкмөт уюму аркылуу чет элдик уюмдар тарабынан гранттык колдоого алынды.
Аталган иш-чара Америка эли тарабынан USAID/OTI аркылуу колдоого алынган «Жаңылануу» өнөктүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Өнөктүктүн алкагында жаштарга арналган конструктивдүү жана жемиштүү иш-аракеттер колдоого алынат жана аярлуу коомчулуктарга экономикалык колдоого алынууда.
Булак: Кабар.