Жогорку Кеңештин жыйынында санарип министр кызмат ордуна Нурия Кутнаеванын талапкерлиги каралды. Анда депутаттар талапкерге кыргыз тилин тезирээк үйрөнүүгө кеңеш беришти.
Депутат Жусупбек Коргонбай уулу: "Сиз кыргыз тилин билбей туруп санариптештирүүнү кантип киргизейин деп жатасыз?" - деп сурады.
Кутнаева жеке үйрөтүүчү курстар аркылуу кыргыз тилин жакшылап үйрөнүүгө аракеттенип жатканын билдирди.
Депутат Надира Нарматова: "Мамлекеттик тилди билбегендерди мамлекеттик кызматка албаш керек деген мыйзам бар. Сиздин каныңыз кыргыз. Тилди үйрөнүңүз", - деди.