Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады. 

"Менде эч убакта Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына жана укуктарына шектенүү ниети болгон эмес. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мен дайыма демократия, ачык бийлик, элдик көзөмөл, бийлик бутактарынын тең салмактуулугу үчүн күрөшүп келгем. Сиздерден расмий түрдө кечирим сурайм. Буга чейин ММКлар аркылуу сурагам. Биз биргеликте иштөөнү уланта беребиз деп ишенем", - деди Байсалов. 

Спикер Нурланбек Шакиев Байсаловдун кечирим суроосу президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнүн негизинде болгонун айтты. 

"Мамлекет башчы, Министрлер Кабинетинин төрагасы, фракция лидерлери жана вице-спикерлер катышкан жыйында президент Эдил Байсалов расмий түрдө кечирим сурай турганын жана мындан ары андай катачылыкка жол бербешин айткан. Ага акыркы эскертүү берилди. Эгер мурдагыдай окуя кайталана турган болсо, биз чечкиндүү чараларды көрөбүз", - деди спикер. 

Эске салсак, депутаттар акыркы учурларда Эдил Байсаловдун ишмердүүлүгүнө көп нааразычылык билдиришүүдө. Айрымдары Байсаловдун ээлеген кызматына ылайык келээр-келбешин аныктаган жумушчу топ түзүүнү дагы сунушташкан. Ал турмак анын отставкасын талап кылган эл өкүлдөрү да кездешкен.