Бишкекте 24-25-декабрь күндөрү Асанбай, Жал кичирайондорунда жана Цирктин жанында айыл чарба азыктарынын жаңы жылдык жарманкеси болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коомчулук менен байланыш башкармалыгынан билдиришти.

Бул соода-сатык Бишкек мэриясынын жана Чүй облусунун фермерлеринин биргелешкен иш-аракетинин натыйжасында уюштурулууда. Анда ар кандай азык-түлүктөр, жашылча-жемиштер сатылат.
Ярмаркада күн сайын мэриянын кызматкерлери жана бааны көзөмөлдөө боюнча монополияга каршы комитеттин өкүлдөрү дежур болуп, баалардын рыноктогудан арзан болушун көзөмөлдөп турушат.
Сатуучулар үчүн орун бекер берилет.
Булак: Кабар.