Мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка караганда, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы тарабынан КРнын жаранына (Т.Г.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз акча алмаштырган Кыргызстандын З.Т. жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.