Ар качантан бир качан жамандык, негатив издеп, иши кылып эле бийликке тийишип турганды өнөкөт кылып алган «Кактус» маалымат булагы дагы «үн» катты. Бул ирет УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин: «Түрмө – бул санаторий эмес, эгерде ал жакка баргыңар келбесе, мыйзам бузбагыла» деп айтканын бетке кармап, Тенгиз Бөлтүрүктүн СИЗОдо 7,5 эмес, 2 ай эле жатканын, калган убактысын «Бикард» менчик бейтапканасында өткөргөнүн  жазып чыгышты.

Муну менен маалымат булагы Камчыбек Ташиев өзүнө каршы сүйлөп атат дегенди кыйытып атышкандары түшүнүктүү. Бирок кактусчулар тескерисинче өздөрүнө өздөрү каршы чыгышып,  убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор болбостугун жазып коюшту. Эгерде чындап эле кыйноолор боло турган болсо, Тенгиз Бөлтүрүктүн ден соолугуна кайдыгер мамиле жасалып, ооруп атканына карабай «Бикардда» эмес, СИЗОдо кармалмак. Анда кармалгандарга карата гумандуулук мамиле болгон үчүн ден соолугуна байланыштуу «Бикардда» жаткырылган. Бул СИЗОдон чыгарылган  дегенди билдирбейт. Ал жерде атайын  кайтарылып, ал жактан эч жакка чыгарылбайт. Ден соолугу эске алынып, дарылануусуна мүмкүнчүлүк берилсе, анын эмнеси жаман? Эгерде Тенгиз Бөлтүрүктүн ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч келтирилсе, ушул эле кактусчулар «СИЗОдо кармап отуруп алышты, дарылануусуна мүмкүнчүлүк берилген жок» деген сыяктуу тирукмуш нерселерди жазып чыгышмак. 

Ал эми Камчыбек Ташиевдин жогоруда айткан сөзүнө келсек, түрмө санаторий, ден соолукту оңдоочу жай эмес. Ал жакка түшкөндөрдүн баары кыйналат, ден соолугуна күч келет. Ошондуктан мыйзамды аткарып, жаман иштерден оолак болуп, ал жакка түшпөгөн оң. Антпесе, Тенгиз Бөлтүрүккө окшоп «Бикардга» же башкасына жатып калуулары ыктымал. Ошол эле «УКМКнын кыйноолоруна туш болуп атабыз, көргүлүктү көрүп атабыз» деп элдин, коомчулуктун көңүлүн буруу максатында жалганды айтып, саясат кылып жаткандардын бирөө жарымы ооруп калса да, алардын дарылануусуна мүмкүндүк берилет. Буга чейин кээ бирлери  ден соолуктарына байланыштуу үйлөрүнө чыгарылган.