“Аю Холдингдин” негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовду сырттан камакка алуу чечимин Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Маалыматка караганда, айыпталуучу А.Ш.Ш.га карата КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинде кармоо менен сырттан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Буга чейин “Аю” компаниясы миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалганы айтылган.