"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.
Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо") негизинде күнөөлүү деп табылганын, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөшү керек болорун, өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камакка алынганын кабарлады.
Активист быйыл 8-февралда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалган. Кийин 9-мартта бөгөт чарасы өзгөртүлүп, абактан бошотулган.