Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети эки министрдин талапкерлигин бекитти. Аларды комитетке президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү тааныштырды. 

Министрлер Кабинетинин өкүлүнүн айтуусу боюнча санарип министрине талапкер болуп жаткан Нурия Кутнаева кечигип жатканына байланыштуу, комитет эки талапкерди гана карашты. 

Ошондо, саламаттыкты сактоо министри болууга талапкер Алымкадыр Бейшеналиев жана эмгек, социалдык коргоо, миграция министрлик орунга талапкер Гүлнара Баатырованы комитет колдоого алды. 

Эми пленардык жыйында талапкерлер кайрадан каралып, депутаттардын чечимине коюлат.