Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн, 11-сентябрда саат 7:54та катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.