Бүгүн, 9-сентябрда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Атайын кызматтын Жалал-Абад облустук Башкы башкармалыгына жаңыдан курулган спорткомплексинин ачылыш аземине катышты. Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМК башкармалыгынын өздүк курамы жана ардагерлери да күбө болушту.

Спорткомплекси заманбап спорт жабдыктары менен жабдылып, машыгуу жана ден соолуктуу чыңдоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар камсыздалган.

Аземде сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев: "Атайын кызматтын кызматкерлери ар дайым ыкчам даярдыкта болушу керек. Ден соолукту чыңдоо жана спорт менен машыгуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн күнүмдүк зарыл талап. Шарттардын жакшыртылышы менен өлкө башчысы тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы талаптар дагы күчөтүлүп жатат", - деди.