Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков буга чейин Бишкектеги СИЗО-1де УКМКнын көрсөтмөсү менен аны кыйноого алышканын соцтармактагы баракчасына жарыялаган.
Буга жооп иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жээнбековдун "УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтуктоо уюштурду" деген билдирүүсү жалган экендигин маалымдайт.
"Белгилей кетүүчү нерсе, Равшан Жээнбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатканын билдирет.
Азыркы учурда саясатчы Р.Жээнбеков КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматыынын №1 тергөө камак жайында камакта.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасында чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн тиешелүү жоопкерчиликтер каралгандыгы боюнча кайрадан эскертүүгө мажбур болууда", - деп айтылат маалыматта.